Актёр Элдос Аскарбеков жакында үйлөнөт (видео)

«Кыргыз двор» Тамашоу командасынын оюнчусу катары таанылган, учурдагы актёр, продюсер Элдос Аскарбеков жакында үйлөнөрүн СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине билдирди.

Сүйүктүүм Алтынай менен кыз-жигит болуп сүйлөшкөнүбүзгө 5 жыл болду. Көптөн бери колун сурашым керек деп ойлонуп жүргөм. Алтынай банкта иштейт, бир ай мурун алардын иш-чарасын алып барууга мени Ысык-Көлгө чакырышкан. Сүйүктүүмдүн колун суроого жакшы шарт болуп калгандыктан, мындай мүмкүнчүлүктү колдон учурбайын дедим. Бишкектен атайын гүл буюртма кылган болчумун, аным кечигип, мен каалагандай болбой калды. Гүлү жок колун сураган кызыктай болуп калат экен. Сахнадан толкунданчу эмесмин, сүйүктүүмдүн колун сураганда сүрдөп, аябай кызык абалда болдум. Буюрса, сентябрга тойду белгиледик. Учурда «Он жылдык» тасмабыздын 2-бөлүгүн тартып жатканбыз. Тартуу иштери бүтсө акырын тойго камынып баштайбыз, — дейт Элдос.