Актёр Эрмек Таалайбеков менен блогер Бекзада Жолборсова наристелүү болушат

Актёр, режиссёр Эрмек Таалайбеков менен блогер Бекзада Жолборсова наристе жытын жытташат. Бул тууралуу блогер айым социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Бизде ушундай жаңылык, биздин бактыбызды сөз менен жеткирүүгө болбойт. Ар бириңиздердин дубаңыздарга, жакшы сөздөрүңүздөргө ыраазычылык билдиребиз. Ар бир үйдө баланын күлкүсү жаңырсын. Кудайга чексиз шүгүр»,- деп жазды ал.

Эске салсак, түгөйлөр 2017-жылы баш кошушкан.