Коомчулукка актёр катары таанылган блогер, жеке ишкер Эрнис Айдаралиев уулдуу болду. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Эрнис мырзага байланышып, кубанычы менен тең бөлүштү.
«Уулум 10-июнда төрөлдү. Кечээ, 12-июнь күнү төрөтканадан үйүбүзгө чыгарып келип алдык. Уулумдун атын Ахмад деп койдук», — деп билдирди Эрнис Айдаралиев.
Эрнис Айдаралиев 2020-жылы сүйүктүүсү Аделинага баш кошкон. Учурда жубайлар 1 уул, 1 кыздын ата-энеси болушту.
Актёр Кутман Айылчиев менен Океана Урматбек кызы Дариканын тушоосун кесип, той беришти. Кубанычтуу күндөгү көз ирмемдер менен жубайлар социалдык тармактагы...
Актриса Айгерим Саматова экинчи наристесин жарыкка алып келди. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасына жазып, видео менен бөлүштү. "Кош келдиң, кызым! Бардык...
Ырчы Клара Алибекова уулу Байэлдин туулган күнүндө унаа белек кылды. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасында жазды. "Чынында апамдан мындай белекти...
Мирбек Атабеков менен Мээрим Төлөпберген бирге видео тартышты. Мээрим Төлөпберген видеону өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жүктөп, катталуучуларын мурдагы жолдошунун концертине...