Актёр Эрнис Айдаралиев уулдуу болду (видео)

Коомчулукка актёр катары таанылган блогер, жеке ишкер Эрнис Айдаралиев уулдуу болду. СЕРЕП МЕДИА  маалымат агенттиги Эрнис мырзага байланышып, кубанычы менен тең бөлүштү.

«Уулум 10-июнда төрөлдү. Кечээ, 12-июнь күнү төрөтканадан үйүбүзгө чыгарып келип алдык. Уулумдун атын Ахмад деп койдук», — деп билдирди Эрнис Айдаралиев.

Эрнис Айдаралиев 2020-жылы сүйүктүүсү Аделинага баш кошкон. Учурда жубайлар 1 уул, 1 кыздын ата-энеси болушту.