Актёр Жеңиш Майрамбек уулу кыздуу болду

Тамашоучу, актёр Жеңиш Майрамбек уулу кырк жылкылуу болду. Актёрду жакын санаалаштары куттуктап жаткан чагы.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Жеңиш Майрамбек уулун куттуктап чалганыбызда төмөнкүлөргө токтолду.

«Жубайым кечээ, 18-августта кесарево жолу менен төрөдү. Кызымдын салмагы 3 килограмм 400 грамм болсо, бою 52-53 сантиметр экен. Учурда жубайымдын жана кызымдын абалы жакшы»,- деди ал.

Эске салсак, Жеңиш Майрамбек уулу жана сүйүктүүсү Нурайым 2015-жылдын октябрь айында баш кошушкан. Алар Алим жана Ариет аттуу балдарын тарбиялап келишет.