Актёр Леонид Куравлев 85 жашында хосписте каза болду. Ага чейин ал карылар үйүндө жашап жүргөн

Бүгүн, 30-январда советтик жана орусиялык актер Леонид Куравлев 85 жашында Москвадагы хоспистердин биринде каза болду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.

Актерду хосписке шаардагы ооруканалардын биринин реанимациясынан 26-январда которушкан. Реанимацияга 5-январда коронавируска шектелип түшкөн. Тапшырган тесттери таза чыкканына карабай, актердун дене табы көтөрүлүп, сатурациясы нормадан ылдый болгон. 17-январда ага пневмония диагнозу коюлуп, кийин медиктер анын бул оорудан жакшы болуп калышканын билдиришкен. Бирок неврологдор карагандан кийин актердун баш мээсинде кан жүгүртүүнү бузууга алып келген дартты аныкташып, аны хосписке жөнөтүшкөн. Реанимацияга түшкөнгө чейин анын соңку жарым жылда карылар үйүндө жашап жүргөнү маалым болгон.

Леонид Куравлев 1964-жылы чыккан «Живет такой парень» деген тасмадагы ролу менен калың журтка таанылган. Ал 200дөн ашуун фильмге тартылган. «Иван Васильевич меняет профессию», «Афоня», «Самая обаятельная и привлекательная», «Из Лебяжьего сообщают», «Ваш сын и брат», «Золотой теленок», «Жизнь и удивительные приключения Робинзона Крузо» жана башка көптөгөн тасмаларга тартылган актер 1977-жылы «РСФСРдин Эл артисти» наамын алган.