Актёр Мирлан Абдулаев Кыргызстандан кетүүнү чечти

Актёр жана режиссер Мирлан Абдулаев өлкөдөн кетүүнү чечти. Бул тууралуу анын досу, юрист Канатбек Азиз соцтармактагы баракчасында билдирди.

«Тынч, ызы-чуусуз жана пафоссуз, таланттуу актёр, кыргыз элинин татыктуу уулу жана чыгармачылыктын жаркын өкүлү Мирлан Абдулаев Кыргызстандан кетип жатат», — деп жазды ал.

Мирлан Абдулаев «Курманжан датка», «До+Фа» жана башка тасмаларда роль жараткан.