Актёр Нуржаасын Жумагулов кыздуу болду

«Маданияттын мыкты кызматкери», актёр Нуржаасын Жумагулов кыздуу болду. Ал кубанычтуу кабары менен социалдык тармактагы баракчасында бөлүштү.

«Жаратканыма миң шүгүрлөр болсун. Кырк жылкылуу болдук»,- деп жазды ал.

Нуржаасын Жумагулов менен актриса Акылай Эсенбай кызы 2021-жылы ноябрь айында баш кошушкан.