Актёр Нуржаасын Жумагулов бөйрөгүн алмаштыруу үчүн Түркияга учуп кетти

Эки бөйрөгү жабыркап, бир бөйрөгүн алмаштырууга муктаж болгон актёр Нуржаасын Жумагулов бүгүн, 17-июль күнү Түркияга учуп кетти.

Эске салсак, Нуржаасын Жумагулов июль айынын башында Түркияга операция жасатуу үчүн учуп кетмек. Курман айт майрамына байланыштуу анын сапары 18-июлга жылдырылган.