Актёр Нуржаасын Жумагуловдун Түркияга дарыланууга барчу сапары жылдырылды

Эки бөйрөгү жабыркап, бир бөйрөгүн алмаштыруу үчүн жардамга муктаж болуп жаткан актёр Нуржаасын Жумагулов июль айынын башында Түркияга операция үчүн учуп кетмек. Белгилүү себептерден улам дарылануусу жылып жатканын ал СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине билдирди.

«Айдын башында Түркияга кетебиз деп пландап жатканбыз. Түркиядагы операция жасачу клиника менен сүйлөшсөк, алар 8-июлдан 18-июлга чейин Курман айтка байланыштуу каникулга чыгышат экен. Сиздерди даярдагычакты 4-5 күн кетип калат. 10 күн ооруканада жөн эле жатып каласыңар дешти. Ошого байланыштуу 18-июлдан кийин барайын деп жатабыз. Каражат жагынан, 3 күн өткөн кайрымдуулук концертинен жакшы эле акча түштү. Бирок керектүү каражат толук топтоло элек», — дейт актёр.

Буга чейин Нуржаасын Жумагулов бөйрөгүн алмаштырууга донор табылганын билдирген.