Актёр Нуржаасын Жумагуловго донор табылды. «Июлдун башында Түркияга барганы жатабыз» дейт ал

Эки бөйрөгү жабыркап, бир бөйрөгүн алмаштыруу үчүн жардамга муктаж болуп жаткан актёр Нуржаасын Жумагуловго бөйрөгүн алмаштырууга донор табылды. Бул тууралуу актёр СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине билдирди.

«Кыргызстандагы анализдердин жыйынтыгы боюнча апамдыкы менен бөлөмдүкү донорлукка жарады. Буюрса, аларды өзүм менен кошо Түркияга алып кетем. Ал жактан анализдин жыйынтыгы кандай көрсөтөт, ошого жараша болот. Кудай буюрса, июль айынын башынан Түркияга учканы жатабыз. 

Каражат чогултуу жагынан уюштурулган кайрымдуулук концерттер болуп жатат. Бүгүн концерттин экинчи күнү, Кыргыз улуттук филармонияда өтөт. Ал эми эртең, 28-июнь күнү Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз драмалык театрында болот. Кайрымдуу элимди концертке келип берсеңиздер деп суранам», — дейт актёр.