«Кызымды кармагандан корктум». Актёр Нурсултан Курсанали уулу кыздуу болду

Бүгүн, 2-июнь күнү актёр Нурсултан Курсанали уулу кыздуу болду. Үй-бүлөсүндөгү толуктоо тууралуу актёр СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине төмөнкүлөрдү билдирди.

«Кыздуу болгон өтө башкача сезим экен. Тун уулубуз Алимди көкүрөгүмө жаткырганда буту-колун кармап, кыймылдаттым эле. Кыз ушунчалык назик болот экен, колумду да тийгизе албадым. Колум тийсе эле бир жерин көгөртүп алчудай корктум. Кызым бир караганда мага, байкесине окшошот. Бирок назиктиги апасыныкы. Мага ушул кубанычты, бакытты тартуулаган Кудайга, ата-энеме, жубайым Дианага чоң рахмат», — деп кубанычы менен бөлүштү Нурсултан.