Актёр Нурсултан Зарылов үйлөнүп, Эмил Эсеналиевдин 6-өкүл баласы болду (видео)

Кечээ, 31-июль күнү мурдагы «Кыргыз двор» тамашоу командасынын оюнчусу, актёр, вайнер Нурсултан Зарылов сүйүктүүсү Саулеге баш кошту. Эки жаштын үлпөт тою Бишкектеги тойканалардын биринде өттү. Маалыматка ылайык, эки жаш актёр Эмил Эсеналиев жана жубайы Айгерим Козукееванын 6-өкүл балдары болду.