Калың журтка «Боз салкын» тасмасындагы Сагындын ролу менен таанымал актёр, режиссёр Тынчтык Абылкасымов «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси менен сыйланды.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги аны менен байланышканыбызда, ал кыргыз кино чөйрөсүндө иштеп жүргөнүнө 20 жылга чукул болгонун айтты. «Кино мен үчүн өзгөчө бир аалам. Өзүм жакшы көргөн кесипте иштеп жүрүп эмгегим бааланып, мамлекеттик сыйлыкка татыганыма кубанычтамын. Сыйлык үчүн Маданият министрлигине ыраазычылык билдирем. Сыйлыкты алышымды билбей эле жумушка келген элем. Абдан жагымдуу болду», — деди ал.
Эске салсак, Тынчтык Абылкасымовдун эмгектери Эл аралык кино сыйлыктарга татып келет. «Чек арада» кыска метраждуу тасмасы Японияда өткөн «Mehodo», Лондондо өткөн Link, Иранда өткөн «Resistance» кинофестивалдарында «Мыкты тасма» сыйлыгын алган. Ошондой эле алгачкы «Error 404» толук метраждуу тасмасы Орусияда өткөн «Восток-Запад Классика-Авангард» кинофестивалында жана Түркмөнстанда өткөн «Коркут-Ата» кинофестивалдарында бааланып, «Мыкты сценарист» катары да эмгеги бааланган.