Актёр Рүстөм Аскенов экинчи ирет ата болду

Актёр Рүстөм Аскенов экинчи ирет ата болду.  Ал үй-бүлөсүндөгү толуктоолор тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине төмөнкүлөрдү билдирди.

«Кечээ, 31-май күнү жубайым аман-эсен уулубузду жарыкка алып келди. Уулумду азырынча көрө элекмин. Уулдун да өзүнчө сүрү бар экен. Дагы деле толкунданып турам», — дейт актёр.

Эске салсак, Рүстөм Аскенов менен жубайы Гүлзада бир кызды тарбиялап келишкен.