Актёр Сапар Сайназаров кыздуу болду

Актёр, режиссёр Сапар Сайназаров кыздуу болду. Актёрдун жубайы Диана кечээ, 28-июнда Оштогу төрөтканалардын биринде көз жарды.

«Келинчегим кечээ түштөн кийин төрөдү. Мен Бишкекте тартуу иштери менен жүргөн болчумун. Жубайым байланышканда дароо эле жумушту токтотуп, Ошко кеткем. Азыр бул жактамын. Буюрса келинчегимдин да, кызымдын да абалы жакшы. Эртең төрөтканадан чыгарабыз. Наристеге ысымды атам ыйгарат. Кандай ат тандаганын бүгүн кечинде айтат», — дейт кубанган ата.