Актриса Айпери Чотонова дунган тою өткөнүн айтып, көпчүлүктү кызыктырган суроого жооп берди

Актриса Айпери Чотонова дунган үйлөнүү тою өткөнүн соцтармактагы баракчасына жазды.

«Мага берилген суроолорго жооп бере кетейин. Менин жолдошумдун улуту дунган. Үйлөнүү той дунган салты менен өттү. Турмушка тунук сүйүү менен чыктым жана мени сыйлаган үй-бүлөгө туш болдум. Кудай бизге узак бакытты насип кылсын. Биз үчүн жөн гана кубанып коюңуздар, биз бул күндү көпкө күттүк»,- деп жазды ал.