Актриса Айсанат Эдигеева: «Кызымдын атын чоң апасы менен атасы койду»

Актриса Айсанат Эдигеева 15-октябрда көз жарган. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине актриса кызына Лилия деген ысым коюлганын билдирди.

«Кызыма Лилия деген ысымды чоң апасы жана атасы койду»,- деди ал.

Өткөн жылдын 25-октябрында борбордогу тойканалардын биринде актёр Өмүрбек Израилов менен актриса Айсанат Эдигееванын үлпөт тою болуп өткөн. Алар 3 жыл кыз-жигит катары сүйлөшүп жүрүп, баш кошушканын айтышкан.