Актриса Айтурган Темирова Франциянын «Искусство жана адабият» ордени менен сыйланды

Франция актриса Айтурган Темированы искусство жана адабият ордени менен сыйлады. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчилигинин Facebook баракчасында маалымдалды.

Актриса бул наамды кинодогу карьерасынын 50 жылдыгына байланыштуу алган. «Франция улуу кыргыз актрисасына искусство жана адабият орденинин офицери наамын ыйгаруу менен ага болгон урматты көрсөтүүнү чечти. Куттуктайбыз, урматтуу Айтурган!» — деп айтылат билдирүүдө.

Айтурган Темирова 14 жашында режиссер Болот Шамшиев тарткан «Ысык-Көлдүн кызгалдактары» тасмасында дебют жасаган. 1972-жылы Тбилисиде өткөн Бүткүл союздук кинофестивалда эң мыкты дебюту үчүн сыйлыкка татыган.