Актриса Гүлсина Чотонова: «Пандемия учурунда эки агамдан айрылдым»

1 эмес, 3 тасмада чачы жок аялдын ролун жараткан, «Карагыз» атка конгон актриса Гүлсина Чотонова уулу менен маек курду. Интервью учурунда ал пандемия учурунда эки агасынан тең айрылып, абдан оор сыноону башынан өткөргөнүн, чыгармачылык аны депрессиядан сууруп чыкканын ыйлап эскерди.

«Азыр 3 бир тууган калдык. Эң улуусу мен болуп калдым. 2020-жыл абдан оор жыл болду. Адамзат үчүн оор болду, анын ичинде илеби мага да тийди. Эки бир тууганым каза болду. Атамдан кийинки таянарым, аска-зоо жөлөктөрүмдөн айрылдым. Мага катуу тийди. Экөөнүн ортосу 1 айдын тегереги болуп калды. Өмүр кыска деп айтышат го, адам баласы өмүргө тойбойт экен», — деди ал.