Актриса Холли Берри жолдошу менен ажырашып, сот аны алимент төлөөгө милдеттендирди

Актриса Холли Берри эки жыл чогуу жашаган жолдошу Оливье Мартинес менен сегиз жылга созулган сот иштеринен кийин расмий түрдө ажырашты. Сот актрисаны мурдагы жолдошуна алимент төлөөгө милдеттендирди. Бул тууралуу TMZ басылмасы жазат.

Холли Берри мурдагы жолдошуна ай сайын 8 миң доллар төлөп турушу керек болот. Ошондой эле ал экөөнүн оротосундагы уулунун менчик мектепти окуу акысын, медициналык камсыздандыруусун, ага кирген бардык медициналык чыгымын да төлөшү зарыл. Өз учурунда уулу бирде апасынын, бирде атасынын үйүндө тең бөлүштүрүлгөн убакытта жашайт.

Холли Берри менен Оливье Мартинес 2013-жылы баш кошушкан. Актриса үчүн бул анын үчүнчү никеси.