Актриса Жаңылай Исакова “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйланды

Актриса Жаңылай Исакова Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйланды. Бул тууралуу өзү билдирди.

«Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйландым. Маданият кызматкери болуума өбөлгө түзгөн ар бир инсанга таазим»,- деп жазды ал.