Актриса Калипа Таштанова эмне үчүн фамилиясын өзгөрткөнүн айтты

Журналист кесибин аяктап, кино чөйрөсүнө кокустан келген Калипа Таштанова учурдагы белгилүү актрисалардын бири. Ал жакында гана Түркияда өткөн «Коркут ата» кинофестивалында «Үй сатылат» тасмасындагы ролу үчүн «Эң мыкты актриса» наамын алган. Калипа Таштанова менен «Менин дүйнөм» берүүсүнүн алкагында балалыгындагы оор күндөрү, жеке жашоосу, карьерасы тууралуу баарлаштык.

Көпчүлүк билгендей, Калипа Таштанова чыгармачылыкта Калипа Усенова деген фамилия менен таанылган. Актриса эмне үчүн фамилиясын өзгөрткөнүн айтып берди.

«Атам «кыздар турмушка чыкса, ошол үй-бүлөнүн фамилиясын алат» дечү. Ошол себептен болушу керек. Жолдошумдун фамилиясына өттүм. Жолдошум муну жакшы кабыл алды», — деди ал.

Ал ошондой эле жолдошу чыгармачылыгын колдоп, түшүнүп келе жатканын айтты. «Биздин тармагыбыз эки бөлөк болгондуктан жеңил болду. Азыр жеке ишкерлик менен кетти. Менин ар бир тартуу иштериме келип, коштоп жүрдү. Сырттан жумуштун оор экенин көрүп жатты. Ошондо «жумушуң кыйын экен» деди», — дейт ал.