Актриса Калипа Таштанова Түркияда «Эң мыкты аялдын ролу үчүн» сыйлыгын алды

Түркияда «Коркут Ата» кинофестивалы болуп өттү. Быйыл кинофестивалдын уюштуруучулары мааракени «Курманжан Датка» тасмасы менен ачты.

Ошондой эле фестивалда сыйлыктар тапшырылды. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине актриса Калипа Таштанова «Үй сатылат» тасмасындагы башкы каармандын ролу үчүн «Эң мыкты аялдын ролу үчүн» сыйлыгын алганын билдирди.

Фестивалга катышып келген кинорежиссер Айбек Дайырбеков СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Калипа Таштанованын сыйлыгын сахнада тасманын режиссеру Таалайбек Кулмендеевдин алганын айтты. Буга Таштанованын Түркияга барбаганы себеп болгон.

«Фестиваль жыл сайын болот жана кайсы тасма, кайсы актер, актриса сыйлыкка татышы белгисиз болот»,- деди ал.