Актриса Назира Мамбетова эл аралык уюмдун медалы жана 5 миң доллар менен сыйланды (сүрөт)

Кыргыз Республикасынын эл артисти Назира Мамбетова эл аралык экономикалык кызматташтык уюмунун медалы жана 5 миң доллар акчалай сыйлык менен сыйланды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Сыйлыкты Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов тапшырып, ага маданият ишмерлери жана студенттер катышты. «Азамат Жаманкулов мындай эл аралык сыйлыктын Кыргыз Республикасынын эл артисти Назира Мамбетованын алышы, жалпы маданият тармагы үчүн сыймык экендигин белгилеп, мындан аркы чыгармачылык ийгиликтерди каалады»,- деп айтылат маалыматта.

Экономикалык кызматташтык уюму — 1985-жылы түзүлгөн жана Аймактык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун мураскери болуп саналат.  Экономикалык кызматташтык уюмунун 14-саммитинин алкагында Кыргыз Республикасынан «Маданият, тарых, адабият жана көркөм сүрөт искусствосу» номинациясы боюнча бир катар өнөр адамдары сунушталып, анын арасынан Мамбетова Назира Исмаиловнанын талапкерлиги жактырылган.