SUPERTV’да конокто актриса Роза Азимбаева. Актриса менен бул интервьюда сүйүү, жалгыздык, бакыт тууралуу сүйлөштүк. «Ичимде жаракатым бар. Ата мээримин көрбөй чоңойдум» деген анын маегин сунуштайбыз.
«Жалгыз бой аял, баласы же үй-бүлөсү жок аял — бактысыз көрүнөт. Бирок турмушка чыккандын баары эле бактылуу эмес. Аны мен өзүмдөн билем. Дайыма бактылуу адам болуп жашабайсың. Мен күйөөсү бар аялдын баары эле бактылуу эмес экенин түшүндүм. Жалгыз бой аялдын баары эле бактысыз эмес. Бактылуулук бул биздин мээбизде жана жүрөгүбүздө. Канча аял киши күйөөсүнөн зомбулук көрүп жүрөт. Бакыт бул бала менен эле күйөөдө эмес»,- деди ал.