Актриса Роза Азимбаева жолдошу менен ажырашканын айтты

“Министрдин кызынын махабаты” тасмасында Зинанын ролу менен таанылган актриса Роза Азимбаева турмушка чыкканына жыл айланбай жолдошу менен ажырашып кеткенин тастыктады. Анын айтымында, алар ушул жылдын июль айынан тартып, эки башка жолго түшүшкөн.

Роза Азимбаева 2020-жылы 3-январда аранжировкачы Алтынбек Нажимидиновго турмушка чыгып, түгөйлөрдүн заманбап үлпөт тою 20-январда Баткенде орун алган.

Актриса ушул жылдын апрель айында SUPER TV`нын “Жылдыздар карантинде” долбоорунда Баткенде кайын-журтуна кызмат кылып жатканын айтып, маек берген.

 

Ал эми 1-июлда жарык көргөн маегинде жеке жашоосу тууралуу кеп кылып, “жолдошум өтө жоош адам” деген.

Актриса менен болгон жаңы маекти жакынкы күндөрү SUPER TV каналынан көрө аласыздар.