Америкалык актриса Шарлиз Терон Голливуддагы 40 жаштан өтүп калган актёр жана актрисаларга карата стандарттар тууралуу пикирин билдирди.
«Эркектер мыкты шарап сыяктуу, аялдар соолуган гүлдөй карыйт деген калыптанган ойду жек көрөм. Аялдар алар каалагандай карыгысы келет. Менин да бетим өзгөрүүдө жана ал мага жагып жатат. Мени адамдар бетимди атайын тарттырып алды деп ойлоп, «бетин эмне кылып салган?» дешет. Мен болгону карып бара жатам! Бул ийгиликсиз пластикалык операция жасатты дегенди билдирбейт. Бул табигый», — деди Шарлиз Терон.
Актриса ошондой эле жаш өткөн сайын салмак таштоо оор болуп калганын айткан. «Бир жыл мурда киного тартылгандан кийин арыктайын дедим. Бир убакытта дарыгериме чалып «Арыктай албайт окшойм, өлгөнү калдым» дедим. Ал мага 40 жаштан өткөнүмдү эскертип, метаболизм жаш кездегидей болбой калганын айтты. Ошондон кийин салмак кошуу керек болгон ролдорго мындан ары макул болбойм деп чечтим», — деди актриса.