Актриса Таалайкан Абазова ырдап чыкты (видео)

13-14-июнь күндөрү Улуттук филармонияда «Достор» тобунун концерти өтүүдө. Концерттин биринчи күнү топтун мүчөсү Нуриса Абазованын бир тууган эжеси, актриса Таалайкан Абазова да сахнага чыгып, трио аткарды. Трио кандайча аткарылып калганы тууралуу ырчы Нуриса Абазова СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине айтып берди.

«Таалайкан эжем, иним Чыңгыз экөө тең жакшы ырдашат. Трио аткаруу тууралуу идеямды сунуштасам дароо макул болушту, мени колдошту. Концертте үчөөбүз италиялык «Ricchi e Poveri» рок-тобунун «Come vorrei» аттуу ырын аткардык. Эжемдин үнүнө концертке келгендер жакшы баа беришти», — дейт Нуриса айым.