Актёр Рүстөм Аскенов ата болду. «Кызыма үч ысымдын бирин тандай албай жатабыз» дейт ал

Актёр Рүстөм Аскенов 21-сентябрда кыздуу болуп, ата статусуна ээ болду. Ал эми бүгүн, 23-сентябрда жубайы менен наристесин төрөтканадан чыгарып, азырынча ымыркайга ысым тандала электигин айтты.

“Кызыбызга ысымды апам ыйгарат. Азыр үч аттын бирине токтоло албай жатабыз. Балким Айдеми коюп калышыбыз мүмкүн” деди актёр.

Ал эми келинчеги Гүлзада наристе 3 килограмм 500 грамм салмакта, бою 51 сантиметр болуп төрөлгөнүн жана эне болуу сезимин сөз менен түшүндүрүп бере албасын айтты.