Актёр Самат Эркинбеков уулдуу болду

Актёр, алып баруучу Самат Эркинбеков уулдуу болду. Кубанычтуу кабары тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу сүйүнчүлөп, “Кудайга миң мертебе шүгүр! Мен уулдуу болдум. Учурда эне-баланын ден соолугу жакшы” деген видео жүктөгөн.

Маалым болгондой, актёрдун жубайы бүгүн, 29-октябрда борбордогу төрөтканалардын биринде көз жарган.

“Төрөтканага таңга маал келгенбиз. Бир нече саат толгоодон кийин жубайым уул төрөдү. Пандемияга байланыштуу наристеге киргизбейт экен. Бирок дарыгерлерден суранып жатып, уулдумду бир жолу көрүп алдым” дейт актёр. Ошондой эле, наристеге өзү азан чакырып, ысым коё турганын кошумчалады.