Жакында гана актёр Жонни Депптен соттон утулуп калган актриса Эмбер Хёрддун «Аквамен» тасмасынын 2-бөлүмүнө тартылган эпизоддорун алып салмай болушту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Аталган чечим Warner Bros. компаниясы тарабынан кабыл алынып, Эмбер Хёрд аткарган каарман Мера тасманын башында төрөт учурунда каза табат.
Эмбер Хёрд аталган тасманын 1-бөлүмүндө да тартылган. 2-бөлүм чыгарда Warner Bros. компаниясы актрисаны сценарийге кошушкан эмес. Эмбер Хёрд «Аквамен» тасмасынын 2-бөлүмүндө тартылуу үчүн узак сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн жана жыйынтыгында оригинал формат кесилип, 10 мүнөттүк сценада эле калганын билдирген.