«Акыл-эстүү, ыймандуу кыз бол, садагам». Айгерим Саматова менен жолдошу кызына Малика деген ысым берди (видео)

Көз жарган Айгерим Саматова кечээ, 8-майда төрөтканадан чыкты.

«Кызыбызды үйүбүзгө алып келип алдык. Маликам бизди тандаганың үчүн рахмат! Буйруса сага сонун ата-эне болобуз деп сөз берем! Кийин чоңоюп ушул постту окуп калсаң, артында сени колдогон күчтүү адамдарың бар, жалгыз эмессиң. Сени жакшы көрөбүз, ар дайым колдойбуз. Дайыма сен тарапта болобуз, акыл-эстүү, ыймандуу кыз бол, садагам», — деп жазды ал.

Белгилей кетсек, 18-июль күнү ырчы Мадияр Русланов сүйүктүүсү, актриса Айгерим Саматованын колун сураган. Ошол күнү актриса Мадияр мырза менен 6 жылдан бери кыз-жигит катары сүйлөшүп жүргөнүн ачыктаган. Ал эми 4-майда кыздуу болушту.