«Кыргызстан сулуусу-2023» сынагында Акылай Калбердиева жеңүүчү болду

Кечээ, 3-октябрда Бишкекте «Кыргызстан сулуусу-2023» сынагы өттү. Аны Акылай Калбердиева жеңип алды.

Интернеттеги ачык булактардагы маалыматтар боюнча Акылай Калбердиева Жалал-Абад облусунан, бирок Бишкекте чоңойгон. 21 жашта. Кичине кезинен бийлейт жана моделдик чөйрөгө аралашып келген.

Сынакта эки баш байге болду. Бири «Кыргызстан аалам сулуусу», экинчиси «Кыргызстан жер сулуусу». Экөө тең чет өлкөлүк сынакка катышууга укуктуу.