Акын Болот Назаров кайрадан сахнада. Акматбек Султан уулу ага чапан жапты

Кечээ, 17-майда Акматбек Султан уулунун жеке концертинде акын Болот Назаров сахнага чыгып, төгүп ырдады. “Алтымыш жылдык тоюңда автоунаа мингизем, азыр чапан жаап турайын” деп Акмат акын үстүндөгү чапанын Болот акынга жапты.

2022-жылы Болот Назаров талаадан жылкыны минип качып кеткенге шектелип кармалган. 2023-жылы Москва райондук соту Болот Назаровдун иши кыскарганын айтып, сот залынан бошоткон. Төкмө ошондон бери сахнага чыга элек болчу.