Акын, радиожурналист Тенти Орокчу уулу 83 жашында көз жумду

Кечээ, 14-апрелде Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, «Даңк» медалынын ээси, акын, котормочу жана ардагер радиожурналист Тенти Орокчу уулу 83 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.Тенти Орокчу уулу Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Көк-Сай айылында 1938-жылы 8-сентябрда туулган.

Ал 1963-жылы Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Пржевальск педагогикалык институттун аяктаган. 1963–1965-жылдары Кочкор районундагы мектептерде мугалим, 1965–1969-жылдары «Мугалимдер газетасында», 1969–1973-жылдары Кыргыз Совет Энциклопедиясында илимий редактор, 1973 –2002-жылга чейин Кыргыз Республикасынын телерадио комитетинде иштеген.

Тенти Орокчу уулунун 1978-жылы «Мекенимди даңктаймын» аралыгындагы алгачкы ырлар жыйнагы жарык көргөн. Чыгармачылыктан тышкары казак жазуучусу Шымбатыровдун «Ак-Сай жайлоосунда» повестин жана аңгемелер жыйнагын казак тилинен кыргыз тилине которгон.

Анын кыргыз радиосунун «Казына» чыгармачылык өндүрүштүк бирикмесиндеги эмгек жолунда очерктер, радио очерктер, радио композициялар, радио эсселер жана бир, бир жарым саатка созулган радио маектери болуп 3500гө жакын уктуруулар даярдалган. Алардын 200 саатка жакыны Улуттук телерадиокорпорация менен мамлекеттик архивдин Алтын казынасына сакталып турат.СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигинин эмгек жамааты маркумдун үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.