“Акыркы бир жыл күтүү менен өттү. Эмнени күткөнүмдү өзүм билбейм” дейт маркум Марат Жантелиевдин жубайы

Өткөн жылы 9-июнда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, залкар талант, мыкты актёр Марат Жантелиев оорудан улам дүйнө салып, кыргыз кино тармагы оор жоготууга учураган. Маркумдун жылдыгында ал жашаган үйгө барып куран окуп, апасы, жубайы, уул-кыздары менен маек курдук.

Марат Жантелиевдин жубайы Асел Дооронбаева азыр деле жолдошун күтө берерин айтат.

“Күнүмдүк жашоо менен алаксып жатабыз. Биз үчүн өтө орду толгус жоготуу болду. Ичимдеги кайгымды балдарыма көрсөтүп, алардын да маанайын түшүргүм келбейт. Алар үйдө жок кезде неберемди кучактап алып ыйлап, бугумду чыгарам. Мен үчүн акыркы бир жыл күтүү менен өттү. Эмнени күткөнүмдү билбейм. Ичимден баарын түшүнүп турсам да күтө берем”, — дейт ал.

Марат Жантелиевдин үй-бүлөсүнүн эскерүүсүн видеодон көрүңүз.