“Акыркы көч” тасмасы Бангладештеги кинофестивалда башкы байгеге ээ болду

Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулунун «Акыркы көч» («Бейишке жол») тасмасы «Dhaka International Film Festival» кинофестивалында (Бангладеш) гран-прини жеңип алды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Тасманын башкы каарманы, пенсионер, көрүнүктүү жазуучу Кубат Алиев. Ал Хрущевдун мезгилинде салынган батирде жалгыз жашайт. Бир күнү ал досу, жазуучу Сапардын катуу ооруп жаткандыгын билип калат. Кубат Сапардын дарылануу акысын төлөө үчүн батирин сатат. Бирок көп өтпөй анын инисин карыз өндүрүүчүлөр сабап кетет. Кубат оор тандоо алдында турат. Тактап айтканда, батирдин акчасын бир тууганына же ооруп жаткан досуна берүү.

Тасмага Марат Алышпаев, Шайыргүл Касымалиева, Бусурман Одуракаев, Анара Ажыканова, Калипа Үсөнова, Өмүрзак Токтомуратов тартылган.

Кинофестиваль 16-январдан 24-январга чейин онлайн режимде өттү.