«Акыркы көч» тасмасы Малайзияда өткөн Эл аралык фестивалда сыйлыкка ээ болду

Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулунун «Акыркы көч» тасмасы кезектеги сыйлыкка ээ болду. Тагыраагы аталган тасма Малайзияда өткөн Куала-Лумпур Эл аралык фестивалында калыстардын атайын сыйлыгына ээ болду. Бул тууралуу Дастан Жапар уулу маалымдады. Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, фестиваль онлайн режимде өткөн.

Тасманын башкы каарманы, пенсионер, көрүнүктүү жазуучу Кубат Алиев. Ал Хрущевдун мезгилинде салынган батирде жалгыз жашайт. Бир күнү ал досу, жазуучу Сапардын катуу ооруп жаткандыгын билип калат. Кубат Сапардын дарылануу акысын төлөө үчүн батирин сатат. Бирок көп өтпөй анын инисин карыз өндүрүүчүлөр сабап кетет. Кубат оор тандоо алдында турат. Тактап айтканда, батирдин акчасын бир тууганына же ооруп жаткан досуна берүү.

Тасмага Марат Алышпаев, Шайыргүл Касымалиева, Бусурман Одуракаев, Анара Ажыканова, Калипа Усенова, Өмүрзак Токтомуратов тартылган.