«Акыркы көч» тасмасы «Ника» сыйлыгына көрсөтүлдү

«Акыркы көч» тасмасы «Ника» сыйлыгына көрсөтүлдү. Бул тууралуу кинофорумдун сайтында маалымдалды.

“КМШ өлкөлөрүнүн жана Грузиянын эң мыкты тасмасы” номинациясында Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулу тарткан тасма көрсөтүлөт. Талапкерлердин арасында «Суу бала» (Тажикстан), «Зулали» (Армения) жана «Жамааттык иммунитет» (Казакстан) тасмалары да бар.

Тасманын башкы каарманы Кубат Алиев – пенсиядагы жазуучу, ал жубайынан айрылып, батирде жалгыз жашайт. Күндөрдүн биринде ал досу, жазуучу Сапардын катуу ооруп жатканын билет. Кубат дарылануу үчүн батирин сатат. Бирок көп өтпөй инисин өндүрүп алуучулар ур-токмокко алышат. Кубаттын алдында кыйын тандоо турат – агасына же досуна жардам берүү.