«Акыркы сабактагы» Кутман менен Океананын үйлөнүү тою өтүп жатат

Бүгүн, 21-августта “Акыркы сабак” сериалындагы Кутман Айылчиев менен Океана Урматбектин үйлөнүү тою өтүп жатат.

Ырчылар Аваз Акимов менен жубайы Айдана Дека соцтармакка жаш түгөйлөргө өкүл ата, өкүл апа болгонун жазышты. “Биздин биринчи өкүл бала, кызыбыз. Куттуктап койсоңуздар болот”, — деп жазды Акимов.

5-июль күнү Кутман Айылчиев сүйүктүүсүнүн колун сурап макулдугун алган видеосун соцтармактагы баракчасына жүктөгөн. Ал эми 19-августта Океананын кыз узатуу тою өткөн.