“Акыркы сабактагы” Океана Урматбектин кыз узатуу тою өтүп жатат

Бүгүн, 19-августта Бишкекте “Акыркы сабак” сериалындагы Океана Урматбектин кыз узатуу тою өтүп жатат. Анын жакындары соцтармактагы баракчаларга тойдон видео, сүрөт менен бөлүшүп жатышат.

Ал ошол эле сериалдагы баш каармандардын бири Кутман Айылчиевге турмушка чыгып жатат.

5-июль күнү Кутман Айылчиев сүйүктүүсүнүн колун сурап макулдугун алган видеосун социалдык баракчасына жүктөгөн.