«Акыркы сабактагы» Урмат менен Океана өкүл ата, өкүл апалыкка эмне үчүн Аваз Акимов менен Айдана Деканы тандаган? Өзүлөрүнүн жообу

1-март күнү эстрада ырчысы Аваз Акимов 33 жашын досторунун курчоосунда белгиледи. Туулган күнүндө өзүнө эмес, жубайы Айдана Декага белек кылган Аваз мырзанын туулган күнүндөгү кызыктар.

Кечеге өкүл бала жана өкүл кызы Урмат менен Океана да келишти. «Башында өкүл ата менен өкүл апаны апам тандап берем деген. Океана ошол учурда айтып калды, аларды тандоодо сүйлөшүп, катташып туруш керек деп. Биз буга чейин таанычубуз, бирок катташчу эмеспиз. Айдана эже мага аябай жакты. Анан жаш үлгүлүү үй-бүлө болсун деп ойлондук», — дешти алар.