«Акыры макул болдум». Анжеликанын сүйүктүүсү колун сурады

Учурда Дубай шаарында эс алууда жүргөн ырчы Анжелика жакшы жаңылыгы менен бөлүштү. Социалдык тармактагы баракчасына шакектин жана гүлдүн сүрөтүн жүктөгөн ал сүйүктүүсү колун сураганын жана макулдугун бергенин жазды.

Ырчы «Акыры макул болдум. Аял киши турмушка чыгышы керек деп ата-энем күндө айтчу. Кыздарым колдоду.
Колумду жууп келсем, стол өзгөрүп, гүлдөн жүрөкчө жасап коюшуптур. Видеого тартылбаган кадрлар эсимде гана сакталып калды. Жабык тарелкадагы десертти ачса гүлдүн ортосунда шакек туруптур, түшүмбү деп көзүмдү ачсам же ойгонбойм.
Бакыт тынчтыкты сүйөт десем, катталуучуларың чексиз бакыт тилеп койсо ашыкча болбойт дейт түгөйүм» деген билдирүү калтырган.