«Акысыз көрсөтүлөт». Астанада кыргыз киносунун күндөрү өтүп жатат

Бүгүн, 26-октябрда Астана шаарында Кыргыз Республкасынын маданият күндөрүнүн алкагында кыргыз киносунун күндөрү расмий ачылды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Ачылышта Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, кино күндөрүнүн делегация жетекчиси Мукталы Бектеналиев жана Казакстандын Маданият жана спорт вице-министри Нуркиса Дауешов сөз сүйлөдү. Анда эки өлкөнүн ортосундагы алмустактан келе жаткан кино ишмерлеринин чыгармачылык байланышы, ошондой эле, соңку жылдары Кыргызстан менен Казакстандын маданият жана кинематография жаатындагы жигердүү өнүгүп жаткан мамилелери даңктуу тарыхка ээ экендиги сыймыктануу менен белгиленген.

Кино күндөрүнүн ачылышына эки өлкөнүн кино ишмерлери, Астанада жашап жана иштеп жаткан мекендештер жана жалпы кыргыз киносунун күйөрмандары катышты. Кыргыз киносунун күндөрү 29-октябрга чейин уланып, Астана шаарындагы «Керуен» оюн-зоок-соода комплексинини кино залында өтөт. Кинолор күнүгө эки ирет, саат 12:00 жана 19:00 акысыз көрсөтүлмөкчү.