«Ала-Тоо» аянтында 3 күн катары менен музыкалык кече өтөт

2-3-4-сентябрь күндөрү Бишкектин «Ала-Тоо» аянтында “Күз кайрыктары” аттуу музыкалык кечелер өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Кечелердин программасы:
— 2-сентябрь саат 19:30 Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрынын концерти;
— 3-сентябрь саат 19:30 Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын фольклордук топторунун концерти;
— 4-сентябрь саат 19:40 Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын жыйынтыктоочу эстрадалык концерти;

“Күзгү кайрыктар” музыкалык кечелери бул күз мезгилинин атмосферасын музыканын жана искусствонун сыйкырдуулугу менен айкалыштырылган маданий иш-чара.