Алгачкы жолу Кыргыз цирки балдар күнүнө жомок койду

1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирки балдар үчүн “Сулуу кыз жана желмогуз” жомок-спектаклин койду. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Жомоктун башында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов бөбөктөрдү майрамы менен куттуктап, бекем ден-соолук каалады. Министр өз сөзүндө майрамдын урматына Кыргыз мамлекеттик цирки жомок-спектаклди иштеп чыгып, майрамдык белек катары акысыз негизде коюп жатканын айтып, көңүлдүү маанай каалап өттү. Жомоктун меймандары катары кичинекей бөбөктөр чакырылды.