Алишер Тоотаев Оштогу филармониянын жетекчиси болуп дайындалды

Ырчы Алишер Тоотаев Оштогу филармониянын жетекчиси болуп дайындалды. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине анын жакындары тастыкташты.

Буга чейин бул кызматта Гүлшайыр Садыбакасова иштеп келген. Ал ушул айда кызматынан бошотулган.