Алмаз Шаадаев менен сүйүктүүсүнүн үлпөт тою өтүп жатат

Бүгүн, 24-июнда ырчы Алмаз Шаадаев менен Алина аттуу сүйүктүүсүнүн үлпөт тою өтүп жатат.

«Бүгүн биздин күн. Жакындарыбыздан бата алалы деп турабыз. Жалпы чакырылган конокторубузду тоюбуздан күтөбүз. Жаштар, достор, сейилдөө болбойт, күндүн ысыгында өзүбүздү кыйнабай, түз эле тойдон көрүшөбүз», — деп жазды ал.

17-июнда Алмаз Шаадаевдин сүйүктүүсүнүн кыз узатуу тою өткөн. Ырчы мырза буга чейин SuperTV телеканалына берген маегинде жакында үйлөнөрүн билдирген.