Алмазбек Истамбаев опера жана балет театрынын башкы директору болуп дайындалды

Алмазбек Истамбаев Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Жаңы дайындалган жетекчини эмгек жамаатка маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов тааныштырды. Министр тааныштыруу учурунда жаңы дайындалган жетекчинин алдына бир катар талаптар коюлгандыгын белгилеп, анын ичинде жаңы спекталдерди алып чыгуу, театрдагы менеджерлик ишти алдыга жылдыруу жана эмгек жамаатта туруктуу чыгармачыл атмосфераны тузүү тапшырмасы коюлуп жатканын белгиледи.